КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2025 №282 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын  жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш  мезгилине даярдоо жөнүндө

Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун
 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы
 (мындан ары – “Кыргызкөмүр” МИ), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жылуулук менен камсыздоочу ишканалар, “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”, “Чакан ГЭС”, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомдору (мындан ары – ААК), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары – ЖЧК):

1) 1–20-тиркемелерге ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;

2) эки жумалык мөөнөттө 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык
 иш-чараларын иштеп чыксын;

3) бир жумалык мөөнөттө бардык облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшүнө ай сайын төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча туруктуу иштеген штабдарды түзсүн:
– жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отканаларына, калкты жылуулук менен камсыздоого байланыштуу ведомстволук жана өнөр жай отканаларына;

– социалдык объекттерди жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына;

– кошумча отун базаларына;

4) 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жылытуу отканаларынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын келерки күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (жылытуу отканалары жана жылуулук-энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү балансында бар мекемелер үчүн) өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусунда жумушчу комиссияларды түзсүн;

5) 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун ресурстарын мамлекеттик сатып алуу боюнча чараларды көрсүн, аны берүүгө келишимдерди түзсүн;

6) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүп турсун;

7) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен энергияны үнөмдөө, күз-кыш мезгилине отунду өз убагында даярдоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;

8) ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен айдын 1ине карата абал боюнча ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүрдү сатып алуу, отун даярдоо боюнча пландык тапшырмаларды аткаруу, көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен отун базаларын жана көмүрдү сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турсун.

2. Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын (макулдашуу боюнча) конкурстук комиссиялары 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине убактылуу, “Кыргызнефтегаз” ААКы жана “Кыргызкөмүр” МИси үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жагуучу мазутту жана көмүрдү берүүгө конкурстарга катышууда Кыргыз Республикасындагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалымат берүү талабын алып салсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы:

1) “Бишкек жылуулук борбору” муниципалдык ишканасына (мындан ары – “Бишкек ЖЭБи” МИ) жана жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга көмүрдү жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компанияларына көмүрдүн баасын “Кыргызкөмүр” МИ берген тизмекке ылайык Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте белгилесин; 

2) казылган көмүрдүн бөлүгүн акысыз негизде кыргыз тарапка берүүчү биргелешкен чет өлкөлүк көмүр казуучу компаниялар үчүн бааны белгилесин;

3) лицензиясы бар көмүр казуучу компаниялар үчүн керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүң баасын белгилесин;

4) автотранспорт каражаттары менен көмүрдү жана мазутту ташууга бааларды кайра келүү багытын эске алуу менен жана “Кыргызкөмүр” МИ жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалар берген маршруттар боюнча күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн (жогорулаган же төмөндөгөн) учурда аларды кайра кароо (кайра бекитүү) укугу менен белгилесин;

5) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү аянтчасында көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көмүр казуучу ишканалардын бардык катышуучуларына жайылтылуучу наркын “Кыргызкөмүр” МИ берген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык белгилесин;

6) “Кыргызнефтегаз” ААК үчүн “Бишкек ЖЭБ” МИ, “Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасына (мындан ары – “Ош шаарынын ЖЭБи” МИ) жана жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилесин;

7) чыгымдар өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда ушул токтомдо белгилөө каралган бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) кайра карасын;

8) ушул токтомдо белгилөө каралган бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калкка көмүрдү жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу отун базаларында жана сатуу пункттарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жүргүзүүнүн, талдоонун жыйынтыктары боюнча көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде 2025-жылдын ичинде Кыргыз Республиканын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган адамдар үчүн компенсациялык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы тарабынан
 2025-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 1-июлуна чейин “Рыбачье” темир жол станциясынан “Алмүдүн” (“Бишкек шаарынын ЖЭБи” МИ) жана “Бишкек-1” темир жол станцияларына чейин “Б” маркасындагы бир тонна көмүрдү ташуу үчүн бардык кошумча жыйымдарды (кошумча нарк салыгын эске албаганда)  эске алуу менен 650 (алты жүз элүү) сом өлчөмүндө белгиленген тарифти белгилесин;

2) белгиленген жол-жобого ылайык республика ичиндеги каттамда көмүрдү ташууда ата мекендик көмүр казуучу компаниялардын жана “Бишкек ЖЭБи” МИнин жүк жөнөтүүчүлөрүн жана жүк алуучуларын вагондордун токтоп турушу үчүн айып пулдарды жана жүктү сактоо үчүн жыйымды, кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туумдарды эсептөөдөн бошотсун.

8. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) 2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө бюджеттик керектөөчүлөрдүн отун-энергетика комплексинин ишканаларына электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн карыздарын төлөсүн;

2) керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн өз убагында толук көлөмдө төлөөнү камсыз кылсын;

3) ар бир уюмга электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин маалымдасын;

4) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин милдеттүү түрдө сактоо үчүн контролдоону жана чараларды көрүүнү камсыз кылсын;

5) 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин электр от казандарын энергиянын альтернативалуу булактарын
 (көмүр, газ, борборлоштурулган жылытуу) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылсын;

6) Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк жана бизнес-түзүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө энергетикалык компанияларга көмөк көрсөтсүн;

7) энергетикалык компаниялар тарабынан электр энергиясын берүүнү токтотууну, анын ичинде аба жана кабелдик электр берүү линияларынын корголуучу зоналарында бак-дарактардын жаш бутактарын кыюуну талап кылган оңдоо иштерин жүргүзүүнү өз убагында макулдашууга көмөк көрсөтсүн;

8) 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде түзүлгөн келишимдерге ылайык стационардык отун базаларына жана көмүр сатуу пункттарына калк үчүн көмүрдү толук көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылсын жана зарыл болгон учурда пункттар жок калктуу конуштарда кошумча отун базаларын түзсүн;

9) социалдык объекттерди, калкты сапаттуу отун ресурстары менен камсыз кылсын жана жеңилдик берилген категориядагы жарандарга каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыз кылсын;
10) “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын суроо-талабы боюнча жаңы жогорку вольттогу подстанцияларды жана электр берүү линияларын куруу үчүн жер тилкелерин белгиленген тартипте бөлүп берсин.

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагы боюнча өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүнүн объекттерин пландык же авариялык оңдоо жүргүзүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу оңдоо-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү убагында “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук
 электр тармагы”, “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”, “Чакан ГЭС”, “Кыргызнефтегаз” ААКтардын, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын, муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, “Кыргызкөмүр” МИнин жана отун даярдоого тартылган көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл албасын.

11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
 2026-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин түзүү методикасын бекитсин.

12. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялар менен биргеликте:

1) Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн электр менен ишенимдүү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн жана ушул токтомдун 1–20-тиркемелерине ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттеринин, графиктердин жана тапшырмалардын керектөөчүлөр тарабынан сакталышын катуу контролдоону камсыз кылсын;

2) 2025/2026-жылдардын жылытуу сезону башталганга чейин энергетикалык жабдууларды жана тармактарды оңдоо иштерин аяктасын.

13. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:

1) 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү, өткөрүү, керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Чакан ГЭС” ААК жана муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилерине;

2) электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” жана “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААК жетекчилерине; 

3) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Электр станциялары”, “Чакан ГЭС” ААК, жылуулук менен жабдуу ишканаларынын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине;

4) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлөт;

5) электр жана жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилиши үчүн – бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.

14. “Бишкек ЖЭБ” МИ жана жылуулук менен жабдуу ишканалары үчүн графикке ылайык “Кыргызкөмүр” МИ көмүрдү зарыл көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылсын, ошол эле учурда көмүрдүн тиешелүү сапатын камсыз кылсын. 

15. Бишкек шаарынын мэриясы “Строй-Стоун” ЖЧКсы менен биргеликте:

– “Бишкек ЖЭБи” МИ үчүн Миң-Куш кенинин “Агулак” участогунан Б маркасындагы 240,0 миң тонна өлчөмдөгү көмүрдү акысыз негизде берсин;

– “Бишкек ЖЭБи” МИ акысыз негизде жеткирилген көмүр үчүн КНСтин суммасын төлөсүн.

16. “Кыргызнефтегаз” ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө “Бишкек ЖЭБи” МИ, “Ош шаарынын ЖЭБи” МИ жана жылуулук менен жабдуу ишканаларына жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эсептик материалдарды берүү;

2) “Бишкек ЖЭБи” МИ, “Ош шаарынын ЖЭБи” МИ жана жылуулук менен жабдуу ишканаларына жагылуучу мазутту жеткирүүнү камсыз кылуу.

17.   “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:

1) жергиликтүү жүктү чектөө графигин иштеп чыгуу, бекитүү, керектөөчүлөргө жеткирүү жана сактоо; 

2) 6–10 кВ чыңалуудагы электр тармактарындагы авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү; 

3) аба ырайынын шарттарынан кубаттуулук тартыштыгы пайда болгон учурда энергияны көп талап кылган өндүрүштүк керектөөчүлөр үчүн 2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейинки мезгилде электр энергиясын берүүнүн көлөмүн чектөөнү киргизүү;

4) 110–500 кВ чыңалуудагы электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин 5,50 %га чейин, 0,4–35 кВ чыңалуудагы электр тармактарында 11,30 %га чейин төмөндөтүүнү, ошондой эле дебитордук карыздарды 10 %га төмөндөтүүнү камсыз кылуу;

5) техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Борбордук Азиядан жана Россия Федерациясынан электр энергиясын импорттоону камсыз кылуу.

18. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү, анын ичинде жылуулук менен жабдуу жана өнөр жай ишканалары үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу;

2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында
 2025-жылга инвестициялык программанын аткарылышын камсыз кылуу;

3) ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2025-жылга инвестициялык программанын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү.

19. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 28-майындагы № 265 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
 2024-жылдын 6-июлундагы № 367 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоонун айрым маселелери жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
 2024-жылдын 10-декабрындагы № 751 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

21. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу