КР Министрлер Кабинетинин 29.05.2025 №290 токтому

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын  18-апрелиндеги № 132 “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү
 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: 

1)  ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2025-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөөнү жүргүзсүн;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар айлык акчалай компенсацияларды зарыл болгон көлөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги  ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ай сайын акчалай компенсацияларды алууга укуктуу адамдар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):

1) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүн көрсөтсүн;

2) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аялуу катмарларына акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, айрыкча жаратылыш газы жана жылуулук энергиясы үчүн акы төлөөдө социалдык колдоо көрсөтсүн. 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: – 1–7, 15, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
 27-октябрындагы № 687 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 8-пункту;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
 17-майындагы № 274 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
  2022-жылдын 18-октябрындагы № 577 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому; 

  4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 23-августундагы № 420 “1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.

 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Тиркеме 1_кырг.pdf

Тиркеме _кырг.pdf

Тиркеме 2. Положение_кырг.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу