«Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү Жобону» жана «Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобону» бекитүү жөнүндө
Куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу ишканалардын жетекчилерин, адистерин жана негизги кесиптер боюнча жумушчуларын даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу тартибин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү жобо;
- 2-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын даярдоо жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобо.
- Бул буйрук, расмий түрдө жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Бул буйруктун көчүрмөсү, ал күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага У.Д.Рыскулов