КР Министрлер Кабинетинин 03.06.2025-жылдагы №314 токтому

Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны алып салуу жөнүндө

Гипс тактайларынын рыногун турукташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорттук каражаттар аркылуу ташылып келүүчү, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу алып салынсын.

         2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

         3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун  алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2025-жылдын 31-мартындагы  № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу