Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоого байланышкан маселелерди тартипке келтирүү, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
125-беренесинин 1-бөлүгүн, 126-беренесинин 4, 9-бөлүктөрүн,
127-беренесинин 2-бөлүгүн, 129-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев