КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №297 токтому

Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында жалпыга жеткиликтүү жана акысыз башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 62-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн. 
  3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                          А.А. Касымалиев