Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү 1-тиркемеге ылайык;
2) Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү 2-тиркемеге ылайык;
3) Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 4-тиркемеге ылайык;
5) Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 5-тиркемеге ылайык;
6) Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 6-тиркемеге ылайык;
7) Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу 7-тиркемеге ылайык;
8) Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 8-тиркемеге ылайык;
9) Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 9-тиркемеге ылайык;
10) Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү 10-тиркемеге ылайык;
11) Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү 11-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкү иштерди уюштурсун:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча;
2) муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), ошондой эле кагаз форматындагы маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылууну токтотуу боюнча;
3) ушул буйруктун тиркемелерине ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлумүнө белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөлөрүн:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде маалымат иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына;
3) расмий жарыяланган күндөн тартып үч күндүн ичинде иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарына жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 2 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч. Сейитовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Б.Т. Сыдыков