Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нотариалдык ишти бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптарда, аларды каттоо тартибинде:
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Кеңсе, бюро нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган, профили өзгөртүлгөн турак жай жана турак эмес жайлардын категориясына кирген имаратта же жайда жайгаштырылууга жана төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:
– санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге;
– өрт коопсуздугунун эрежелерине;
– электр коопсуздугунун эрежелерине;
– табигый жана жасалма жарык берүүнүн, жылытуунун болушуна;
– өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылууга.
Өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.”;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Каттоо күбөлүгүн алгандан кийин нотариустар тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга нотариалдык кеңсенин, бюронун ачылгандыгы жөнүндө кабарлайт.”;
– 27-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:
“271. Жеке нотариалдык кеңсени же бюрону каттоо (кайра тариздөө) жөнүндө арызда жай өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерине, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге ылайык келет деп ырасталат.
Арыздардын үлгүлөрү Министрлик тарабынан бекитилет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев