Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
Медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Лицензияны кайра тариздөөнү, токтотуп турууну, кайра улантууну жана жокко чыгарууну кошпогондо,2025-жылдын
1-июлунан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билим берүү ишин лицензиялоо жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 22-ноябрындагы № 273 “Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 457 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 273 “Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев