КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги №01-7/203 буйругу

Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу

Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттин же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо жана коргоо, ачык ыкма менен пайдалуу кендерди казуунун өндүрүштүк процесстерининен келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркемеге ылайык Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелер бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

Тиркеме 

Төрага                                                                                                               У.Д.Рыскулов