Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына, 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датага чейин үч календардык күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишпеген жана баасы жогорулаган учурда жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 707 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев