КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 372 токтому

Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 32-беренелеринин жоболорун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

– Кыргыз   Республикасында   диний   билим   берүү   тартиби
 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартибинин ченемдерин кеңири түшүндүрүү боюнча иштерди уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы диний материалдарды жана диний багыттагы предметтерди мыйзамсыз ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


1 тиркеме экспертиза боюнча.pdf

2 тиркеме диний билим берүү.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы  А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу