2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана түзүмүн оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
6 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | 778 | 145 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппараты | 176 | 28 | |
аймактык бөлүмдөрү | 541 | 92 | |
ведомстволук бөлүмдөрү | 61 | 25 |
”.
2..Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин штаттык санын оптималдаштыруунун (кыскартуунун) натыйжасында бошотулган финансылык каражаттар бошотулган кызматкерлерге жеңилдиктерге жана компенсацияларга, ошондой эле кошумча чыгымдарга (операциялык чыгымдар жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча чыгымдар) жумшалуучу финансылык каражаттарды кошпогондо, төмөнкүдөй белгиленсин:
1).Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өнүктүрүү жана дем берүү фондуна топтолот;
2).кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча сыйлоо төлөмдөрүн, ошондой эле материалдык сыйлоонун башка чараларын ишке ашырууга пайдаланылат.
3..Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев