Кыргыз Республикасынын Куруучу күнү – кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасында биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу, курулуш тармагынын кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын таануу иретинде, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- 2-август жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Куруучу күнү – кесиптик майрамы болуп белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-июлундагы № 539 «Кыргыз Республикасында Куруучу күнүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев