КР Министрлер Кабинетинин 30.06.2025-ж., № 379 токтому

1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу нотаны депозитарий болуп саналган БУУнун Башкы катчысына депонирлесин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу