КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 369 токтому

Кыргыз Республикасынын көп этностуу районундагы  жана шаарындагы этностор аралык мамилелер маселелери  боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу
 жооптуу катчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын 23 жооптуу катчысына ар айлык акчалай сыйлык тиркемеге ылайык 26 800 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына эмгек акы төлөөгө республикалык бюджеттен ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды жыл сайын карасын.
  3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
     20-августундагы № 411 “Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтому;
  5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
     2022-жылдын 22-мартындагы № 142 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын
 Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу