Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер ресурстарын пайдаланууну укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүнү камсыз кылуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу менен энергетикалык орнотмолорду куруунун жана эксплуатациялоонун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана контролду жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
– 32-пунктта:
12–13-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 1 жылдын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары – ЭКБ) субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу;
13) токой фондунун жерлерин алгандан кийинки 2 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтердин жоктугу;”;
14-пунктчада “1 жылдын” деген сөздөр “3 жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 141-пунктча менен толукталсын:
“141) ЭКБ субъекттери тарабынан аткарылуучу курулуш иштерин жүзөгө ашыруу мезгилинде, берилген жер участогун же ага болгон укуктарды үчүнчү жактарга курулуш аяктаганга жана объект ишке киргизилгенге чейин берүүгө жол берилбейт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 84-пунктта:
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана ырасталган каржылоо булагы жок болгон учурда;
– жер участогун алгандан кийин 2 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтер жок болгон учурда;”;
сегизинчи абзацта “1 жылдын” деген сөздөр “3 жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 3-тиркемесинде:
13-пунктта:
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана ырасталган каржылоо булагы жок болгон учурда;
– жер участогун алгандан кийин 2 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтер жок болгон учурда;”;
сегизинчи абзацта “1 жылдын” деген сөздөр “3 жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев