Жогорку кесиптик билим берүүнүн айрым программалары боюнча абитуриенттерди кабыл алууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө
Абитуриенттердин белгилүү адистиктер/багыттар боюнча сырттан окуу формасына массалык түрдө тапшыруусуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана статусуна карабастан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына 2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди (студенттерди) жогорку кесиптик билим берүүнүн төмөнкү программалары боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга убактылуу (6 айлык мөөнөткө) тыюу салуу (мораторий) киргизилсин:
– 530500 “Юриспруденция” (бакалавр, магистр);
– 580100 “Экономика” (бакалавр, магистр);
– 580200 “Менеджмент” (бакалавр, магистр).
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев