КР Министрлер Кабинетинин 30.06.2025-ж., № 376 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын сапат инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта: 

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасында:

5-главанын алтынчы абзацында:

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген
 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме2.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                        А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу