Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектуралык-курулуштук контролдоо жана көзөмөлдөө маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Курулуш ишине контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууда коррупциянын тобокелдиктерин минималдаштыруучу ачык-айкын жана отчеттуу системаны түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтеринин реестринде:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик» бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | ||
1 | Адистин квалификациялык сертификаты | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана анын аймактык башкармалыктары | ||
1 | Курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, имараттарды реконструкциялоо, кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
2 | Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастама берүү | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди кошпогондо, акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн милдеттерин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында квалификациялуу адистерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттердин ичинен алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө атайын эсептин каражаттарынын эсебинен төлөө менен келишимдик негизде тартууга укуктуу.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 351-пункт менен толукталсын:
«351. Курулуш субъекттери объектти Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизгендиги үчүн архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз бергенге чейин акы төлөйт.».
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин, анын ичинде анын аймактык башкармалыктарынын ишин каржылоо ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөткө белгиленген өткөөл мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан толук көлөмдө жүзөгө ашырылат;
– ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев