Министрлер Кабинетинин №482 токтому

ТОКТОМ

Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби 

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу



Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын                          24-июлундагы № 216 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


    1. Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

    2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

    – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси болуп;

    – “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп.

    3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети идентификациялоо операторун алмаштыруу боюнча ишти Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу менен уюштурсун.

    4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин                    2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                         2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун                               3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                       2024-жылдын 24-июлундагы № 421 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                     2024-жылдын 23-августундагы № 498 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                    2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                      2024-жылдын 25-декабрындагы № 794 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                           А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу