КР Министрлер Кабинетинин 09.08.2025-ж., № 484 токтому

Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 6, 15-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 287 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев