Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта),
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт деп;
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын
2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун бланктары аяктагандан кийин жүргүзүлөт деп.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, графикалык, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, киргизилген электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, графикалык, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, киргизилген электрондук чиби бар документ.”.
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, “Учкун” ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев