КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  20-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Ушул Тартипте “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр колдонулат.”;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Реестрди түзүү жана жүргүзүү ага чарба жүргүзүүчү субъекттерди киргизүү же чыгарып салуу, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталышы, анын менчик формасы, юридикалык дареги жана товардын аталышы өзгөрүлгөн учурда Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен монополияга каршы орган тарабынан ишке ашырылат.”;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Реестр жана Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү монополияга каршы органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде монополияга каршы органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.”;

- 6, 7, 13 жана 15-пункттарындагы “жана толуктоолорду” деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пунктунун экинчи абзацындагы “алар кирген топтун адамдарын көрсөтүү менен” деген сөздөр «жактардын тобу катары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14. Чарба жүргүзүүчү субъектти (жактардын тобун) Реестрден чыгарып салуу тууралуу маселе монополияга каршы орган тарабынан төмөнкү негиздер болгон учурда каралат:

- товардык рынокко талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) рынокто белгилүү товарга үлүшүнүн азайышы, мында, чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) рынокто белгилүү товарга үлүшүн азайтуу кыска мөөнөттүү мүнөзгө (1 жылдан кем эмес) ээ болбошу, анын ичинде сезондук өзгөчөлүктөр менен шартталбашы керек.

- юридикалык жак формасында иш жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтогондо же/жана кайра түзүлүүдө, же жеке ишкер катары иш жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтогондо;

- чарба жүргүзүүчү субъектти (жактардын тобун) Реестрден чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү маалыматтар тиркелген (рыноктун көлөмү жөнүндө маалымат, чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктогу үлүшүн эсептөө, рыноктогу атаандаштардын саны, ишкананын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат, баалардын өзгөрүү динамикасы) жүйөлүү өтүнүч түшкөндө.”;

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“16. Чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын тобу) монополияга каршы органдын чечимине макул болбогон учурда, чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор тууралуу мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу