КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышындагы жана преамбуласындагы "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланылган этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарга жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды ченем чегинде өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар болуп эсептелет, алардын тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен жайгашкан жерин жана чыгарган продукцияларынын түрүн көрсөтүү менен этил спиртин өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дарылык камсыздоо жана медициналык техника чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жөнөтөт.";

- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Атайын керектөөчүлөрдүн ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча негизделген эсептөөлөрү менен этил спиртин сатып алууга берген арыздары медициналык муктаждыктар үчүн - дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык муктаждыктар үчүн - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүүнүн муктаждыктары үчүн - мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө берилет.";

- 13-пунктундагы "Дарылык камсыздоо департаменти жана Мамлекеттик ветеринария департаменти" деген сөздөр "Дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү максаттарында пайдаланууга контролду тиешелүүлүгүнө жараша дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган компетенциясынын алкагында жүргүзөт.";

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26. Дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарга жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өңдүрүү үчүн пайдалануучу субъекттер квартал сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формада этил спиртин пайдалануу жөнүндө отчет берип турушат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр


М. Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу