Министрлер Кабинетинин 23.08.2025-жылдагы №522 токтому

Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө


“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6, 7, 8-бөлүктөрүн, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын
 Министрлер Кабинети токтом кылат:


  1. Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартиби жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 19-февралындагы № 64 “Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                           А.А. Касымалиев