Министрлер Кабинетинин №511 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун  түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомунун Уставында:

– 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“37. Фонд ушул Уставдын талаптарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу эрежелерин бекитүүгө укуктуу.

Фонд Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде эл аралык сатып алууларды жүргүзө алат.”;

– 43, 44-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“43. Уставдык капитал Фонддун акцияларынын жалпы номиналдык наркына барабар жана 1 001 000 000 (бир миллиард бир миллион) сомду түзөт.

44. Фонддун уставдык капиталы 10 010 000 (он миллион он миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн, алардын ар биринин номиналдык наркы 100 (жүз) сомду түзөт.”;

– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“51. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдагы чыгарылышты жайгаштыруунун жыйынтыктары катталгандан кийин гана акцияларды кошумча чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Уставдык капиталдын өлчөмү кошумча акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен көбөйтүлүшү мүмкүн. Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү же азайтуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.”;

– 72-пункттун биринчи абзацындагы “кем эмес” деген сөздөр
 “көп эмес” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 91-пункттун 26-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“26) Фонддун сатып алууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү;”;

– 126-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“126. Фонддун башкармасы Фонддун коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат. Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча Фонддун аткаруучу органы жалгыз болушу мүмкүн. Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз болуп саналса, ага ушул главанын жоболору тиешелүү түрдө колдонулат.”;

– 127-пункттагы “Башкарма” деген сөз “Башкарма же жалгыз аткаруучу орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 135-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз (башкы директор) болуп саналса, башкы директор бир орун басарды дайындайт, ал башкы директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу