КР Финансы министрлигинин 21.08.2025-ж., № 161 буйругу

2023-жылдын 15-августундагы №3-Б “Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда ички аудит боюнча ченемдик укуктук базаны жана ички аудиторлорду квалификациялык сертификациялоо системасын өркүндөтүү максатында, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 15-августундагы №3-Б “Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жободо:

- 15-пункттун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

3) жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемеси менен;

4) экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- 37-пункттагы “75” деген цифралар “50” деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ички аудит жана ички контроль методологиясы бөлүмү:

1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;

2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен жөнөтсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада жиберсин.

3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.


Министр А.К. Бакетаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу