КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2025-жылдын № 532 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасына келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасы 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн акча каражатын карасын.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

1) Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп турсун;

2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022–2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022–2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев