КР Министрлер Кабинетинин 02.09.2025-ж. № 552 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы
жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:

– 147-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев                                                            

Тиркемелер

Басып чыгаруу