Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларын ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункттун 24-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24) отун таратуучу колонка (мындан ары – ОТК) – автомай куюучу станциядагы, автомобилдик газ куюучу станциядагы жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциядагы автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;”;
– 3-пункттун таблицасында:
6-пункттагы “2711 11 000 0” деген цифралар алып салынсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
7 | автотранспорт каражаттары үчүн отун катары колдонулуучу мунай газы жана суюлтулган көмүрсуутек газы (пропан) | 2711 11 000 0- 2711 19 000 0; 2901 10 000 1 |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
“71. Ишкердик субъекттери ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына мунай жана мунай продуктуларынын калдыктары, жүктөлүп жөнөтүлгөн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ОТКнын эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрүн ай сайын берип турууну камсыз кылат.
Мунай жана мунай продуктуларынын калдыктары, жүктөлүп жөнөтүлгөн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ОТКнын эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрүн берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
“18. Мунайдын жана мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн контролдоо максатында аймактык салык органынын кызматкерлери ай сайын мунайды кайра иштетүүчү заводдун, мунай скважинасынын, мунай базасынын, мунай сактоочу жайдын, темир жолдогу куюучу туюктун, АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын идиштериндеги мунай продуктуларынын калдыктарын жана АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын ОТК эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрүн ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы жазуулардын шайкештигине карата өлчөөнү жүргүзөт.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптарда:
– 2-пункттун 2-пунктчасы “отун таратуучу колонка” деген сөздөрдөн кийин “(мындан ары – ОТК)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 6-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– убактысын жана ОТКнын номерин көрсөтүү менен ар бир транзакция боюнча деталдаштырууга ээ болуу;
– ОТКнын ар бир түтүгү боюнча эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрүн сактоо;
– бардык операцияларды чагылдыруу менен мунайдын жана мунай продуктуларынын калдыктарынын маалыматтарынын ар бир өзгөрүүсүн жана оңдоп-түзөөнү сактоо жана берүү.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев