КР Министрлер Кабинетинин 03.09.2025-жылдын № 556 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Калк үчүн бюрократиялык жүктү азайтуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 “Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө тиркелген жободо:

– 1-главанын бешинчи абзацында “(нотариуста күбөлөндүрүлгөн)” деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо:

– 7-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда, 100 (бир жүз) кв. метрден кем эмес аянттагы менчик укугундагы же пайдалануу укугундагы аймагы бар экендиги жөнүндө юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү кошумча берилет.”.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 1-августундагы № 440 “Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жободо:

– 13-пунктта:

1-пунктчада:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;”;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– оюн-зоок жайын күтүү боюнча иш жүргүзүлө турган жайга (имаратка) менчик же ижара укугун ырастоочу документтердин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;”;

2-пунктчада:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;”;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“– оюн-зоок жайын күтүү боюнча иш жүргүзүлө турган жайдын (имараттын) менчик укугун же ижарасын ырастоочу документтердин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;”;

3-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;”.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:

– 84-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарында “(нотариалдык күбөлөндүрүлгөн)” деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:

– 31-пунктта:

2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2) юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;”;

3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибинде: 

– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана бирден көп баракты камтыган бардык документтер описке жазылууга, барактары номерленүүгө, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документтер аралыктан каттоо мүмкүндүгүн берүү менен Интернет тармагы аркылуу электрондук түрдө берилет.”.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 11-январындагы № 5 “Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибинде:

– 20-пунктта:

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү. Эгерде диплом чет тилде жазылса, документтин котормо агенттигинин (котормочунун) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу берилет;”;

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– котормо агенттигинин (котормочунун) колу, мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттын көчүрмөсү (бар болсо) жана көрсөтүлгөн документтин мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу;”.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу