КР Министрлер Кабинетинин 08.09.2025-жылдын № 572 токтому

Кыргыз Республикасында дары каражаттарына рецепт  жазуу тартибин бекитүү жөнүндө жана аларды берүү тууралуу

Калкты дары менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу максатында, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”
 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин
 3, 5-бөлүктөрүнө, “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Дары каражаттарына рецепт жазуу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Дары каражаттарын рецепт боюнча берүү эрежелери
 2-тиркемеге ылайык;

3) Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарына талаптарды (өтүнмөлөрдү) жазуунун жана тариздөөнүн тартиби 
 3-тиркемеге ылайык;

4) Рецепт бланктарын сактоо эрежелери 4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

  1. рецепт боюнча берилүүчү дары каражаттары эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө – бекитилген үлгүдөгү рецепт бланктарына жазылат;
  2. ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтом менен бекитилген рецепт бланктарынын формаларын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан тираждоону контролдоону камсыз кылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
 22-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 22-майындагы № 242 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1.pdf

Тиркеме  2.pdf

Тиркеме 3.pdf

 Тиркеме  4.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                          А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу