Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
-1-главасынын 6-пункту «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы «КРЖК ИБ» деген аббревиатурадан кийин «, КРПӨИБ» деген аббревиатура менен толукталсын;
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 27-39-пункттар менен толукталсын: «
27 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
28 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
29 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
30 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
31 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
32 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
33 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке реабилитациялык медициналык жардамды көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
34 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке реабилитациялык медициналык жардамды көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
35 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке стоматологиялык жардамды көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
36 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке стоматологиялык жардамды көрсөтүү | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
37 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке стоматологиялык жардамды көрсөтүү (кымбат баалуу жана жаңы муундагы препараттар жана медикаменттер) | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
38 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген бекитилбеген контингентке пациентти ооруканага чейин жеткирүү, кечиктирилгис көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташып баруу | ССМ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
39 | «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык бекитилген контингентке пациентти ооруканага чейин жеткирүү, кечиктирилгис көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташып баруу (Бишкек шаарынын чегинде) | ССМ | КРПӨИБ | Акысыз |
- 9-главасында: «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 3 жана 4-пункттар «Токой агенттиги» деген сөздөрдөн кийин «, КРПӨИБ» деген аббревиатура менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 9-10-пункттар менен толукталсын:
9 | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий визиттердин форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | КРПӨИБ | КРПӨИБ | Акысыз |
10 | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий визиттердин форматынан тышкары иш-чараларды жана маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | КРПӨИБ | КРПӨИБ | Акы төлөнөт |
- 10-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков