Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун кармоого бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо конторасы тиешелүү функцияларын жана 6 штаттык бирдигин финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
-төмөнкүлөрдү жойсун:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин калкты иш менен камсыз кылуунун көчмө кызматы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгына тиешелүү функцияларын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен (штаттык бирдиктерин өткөрүп бербестен);
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаштар эмгек биржасын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгына тиешелүү функцияларын жана 6 штаттык бирдигин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын кошо өткөрүп берүү менен;
-бириктирүү жолу менен кайра уюштурсун:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тиешелүү функцияларын жана 10 штаттык бирдигин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын кошо өткөрүп берүү менен;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Нарын, Талас, Токмок, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Нарын, Талас, Чүй, Баткен жана Өзгөн райондору боюнча тиешелүү райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына 20 штаттык бирдикти кыскартуу менен.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
-“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк региону боюнча региондук борбору” мекемесин жойсун;
-төмөнкүлөрдү кыскартсын:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун 15 штаттык бирдигин;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин мамлекеттик кинодирекцияларында 23 штаттык бирдикти;
-облустук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларын жана райондук, облустук гезиттердин редакцияларын бириктирүү аркылуу, алардын базасында 7 облустук медиа-борборлорду түзүү менен 64 штаттык бирдикке кыскартып кайра уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бириктирүү жолу менен кайра уюштурсун:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык бөлүмүн жана Чүй облустук бөлүмүн эки штаттык бирдикке кыскартуу менен;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүн жана Ош облустук бөлүмүн эки штаттык бирдикке кыскартуу менен.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти деп аталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 42 токой чарбасын жана 8 токойчулугун бириктирип, алардын базасында 33 токой чарбасын түзүү, административдик-башкаруу персоналын 84 штаттык бирдикке жана техникалык жана тейлөөчү персоналын 17 штаттык бирдикке кыскартуу жолу менен кайра уюштурсун.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук департаменттерди жалпы штаттык саны мамлекеттик жарандык кызматчылардын 646 штаттык бирдигинен жана тейлөөчү персоналдын 229 штаттык бирдигинен турган өзүн-өзү каржылоого этап менен өткөрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө:
-өздөрүнүн карамагында турган мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу мекемелердин түзүмүнө жана штаттык расписаниесине талдоо жүргүзүшсүн;
-жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жогоруда аталган мекемелердин түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизишсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;
2)жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде башкаруу түзүмдөрүн башкача атоого жол берилет. ”;
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
-эскертүүнүн 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрацияларынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Республикасынын шаар мэрияларынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик кызмат орундарынын башкача ченемдик түзүмүнө жол берилет. ”;
- эскертүүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, башка мамлекеттик жана борбордук органдарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик агенттиктерде, мамлекеттик кызматтарда, фонддордо, инспекцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган башка уюмдарда жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат. ”;
4)жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
-8-пунктундагы “Облустардын мамлекеттик администрациялары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-9-пунктундагы «Райондордун мамлекеттик администрациялары» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
-3-пунктундагы “222” жана “12” деген цифралар тиешелүү түрдө “218” жана “8” деген цифралар менен алмаштырылсын;
-11-пунктундагы “461” жана “260” деген цифралар тиешелүү түрдө “455” жана “254” деген цифралар менен алмаштырылсын;
-12-пунктундагы “60” жана “26” деген цифралар тиешелүү түрдө “58” жана “24” деген цифралар менен алмаштырылсын;
-14-пунктундагы “450” жана “408” деген цифралар тиешелүү түрдө “428” жана “386” деген цифралар менен алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
-бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн түзүмдөрүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
-ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн кайра уюштурууга жана жоюуга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;
-бир айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарынын түзүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтому менен бекитилген ченемдик түзүмгө шайкеш келтиришсин;
-бошоп калган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
-ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
12. Штаттык санды кыскартуунун натыйжасында үнөмдөөдөн алынган бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын тескөөсүндө калаары белгиленсин.
13. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине чыгымдардын баардык беренелери боюнча 2018 жана 2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жөнүндө маалыматтарды жана эсептөөлөрдү беришсин.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
-Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын сметалык-штаттык тартипти сактоолорун контролдоону камсыз кылсын;
-эки жумалык мөөнөттө министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон тиешелүү маалыматтарды жана эсептөөлөрдү алгандан кийин:
жалпыласын жана 2018 жана 2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун натыйжалары боюнча республикалык бюджеттин каражаттарын үнөмдөө жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруунун натыйжасында республикалык бюджеттин үнөмдөлгөн каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
-“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
-эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ички аудит кызматтарынын иштерине талдоо жүргүзсүн, жыйынтыгы боюнча ички аудит кызматтарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруунун толуктугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизсин;
-ар жылдык негизде отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен тиешелүү жыл үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын ички аудит кызматтарынын ишинин жыйынтыгы боюнча топтомо отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүүнү камсыз кылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштерине талдоо жүргүзсүн жана аларды түзүүнүн критерийлери боюнча тиешелүү сунуштарды даярдасын.
16. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
17. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев