Министрлер Кабинетинин 02.03.2026-жылдагы №127-т тескемеси

Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, 2026-жылга республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн көбөйтүү, мамлекеттик банктардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана ишинин масштабын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 61, 115-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:


1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча:

1) 2026-жылга республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшкөндөрдүн эсебинен 16 534 736 497,99 (он алты миллиард беш жүз отуз төрт миллион жети жүз отуз алты миң төрт жүз токсон жети) сом 99 тыйын суммасына көбөйтсүн;

2) «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун (мындан ары –
 «Айыл банк» ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө 60 000 000 000 (алтымыш миллиард) сом өлчөмүндө финансы каражаттарын бөлсүн;

3) төмөнкү параметрлер боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары – МБК) чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен
 60 000 000 000 (алтымыш миллиард) сом өлчөмүндө финансы каражаттарынын түшүүсүн камсыз кылсын:

  • МБКнын түрү – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары (мындан ары – МКО);
  • валюта – кыргыз сому;
  • бир МКОнун номиналдык наркы – 100 (бир жүз) сом;
  • чыгаруу көлөмү – 60 000 000 000 (алтымыш миллиард) сом;
  • жүгүртүү мөөнөтү – 15 жыл;
  • купондук ставка – 3 пайыз;

– негизги сумманы төлөө – жүгүртүү мөөнөтүнүн аягында бир жолку төлөм;


4) бул тескеменин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн МБКны чыгаруудан түшкөн каражаттардан 35 000 000 000 (отуз беш миллиард) сом «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттасын;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алууда 1-пункттун 3-пунктчасына ылайык жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик карыз алууларды Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызынын курамына киргизсин; 

6) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана
 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. «Айыл Банк» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 60 000 000 000 (алтымыш миллиард) сом суммасына мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу;

2) уставдык капиталды 60 000 000 000 (алтымыш миллиард) сомго көбөйтүү жолу менен 15 жыл ичинде таза пайданын жыл сайын өсүшүн ушул тескеменин тиркемесине ылайык камсыз кылуу;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул тескеменин 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн таза пайданын бардык суммасын республикалык бюджетке дивиденддер түрүндө которуу. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:

1) «Айыл Банк» ААКтын уставдык капиталын ушул тескеменин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн суммага көбөйтүү боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн;

2) «Айыл Банк» ААКтын таза пайдасын бөлүштүрүү жана дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууда ушул тескеменин 2-пунктунун 3-пунктчасын так жетекчиликке алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 15 жылдын ичинде жыл сайын ушул тескеменин 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн республикалык бюджетке түшкөн дивиденддердин
 50 пайызын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүүнүн эсебине жана 50 пайызын «Айыл Банк» ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттасын.

5..Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев