Министрлер Кабинетинин 04.03.2026-жылдагы №145 токтому

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын   13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси катышуучулардын санарип ресурстарын «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын, санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүүчү, күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 11-апрелиндеги № 200 «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 17-июнундагы № 296 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 «Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Жобо.pdf

Тиркеме 1 .pdf

 Тиркеме 2.pdf

Тиркеме  3.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу