КР Министрлер Кабинетинин 09.03.2026-ж., № 162 токтому

Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Жобо.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу