Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө
«Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы
№ 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 1-пунктунун 2, 3-пунктчаларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 (эки) пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык баалуу металлдарды сатуу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев