Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом
кылат:
1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо
1-тиркемеге ылайык;
2) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2–9-тиркемелерге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук
академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисттик персоналына кызматтык маянадан 20 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт деп;
2) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт
деп:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине бир штаттык бирдикке (1 ставкага) – 15 000 сом өлчөмүндө;
– маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин
техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына бир штаттык бирдикке
(1 ставкага) – 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, Кыргыз
Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга
кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт деп;
3) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына ишти
координациялоо, иш процесстерин уюштуруу жана контролдоо, ошондой эле мекеменин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн кызматтык маянадан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет деп.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 «Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 491 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 «Улуттук
киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын
кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары
өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу» токтомунун 6-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497 «Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185
«Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 «Кыргыз Республикасынын
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Эл ТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 8-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 15-майындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185
«Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 12-декабрындагы № 667 «Облустук гезиттердин
редакцияларын чарбалык эсепке которуу жөнүндө» токтомунун
3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 230 «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 24-июлундагы № 441 «Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185
«Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 15-августундагы № 499 «Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин маданият, маалымат жана спорт
чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 «Кыргыз Республикасында асыл тукум жылкы чарбасынын ишинин маселелери жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 675 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185
«Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын
Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн,
мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 «Мезгилдүү басылмаларды
кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 7-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 106 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185
«Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз
Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана
2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев