КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 195 токтому

Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан  «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 55 токтомун, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 30-июлундагы № 74 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 17-августундагы № 558-б  буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл аймагында жайгашкан № 244 контурдагы Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун 2,75 га  сугат айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан  «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектепти куруу үчүн  которулсун.

2. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана   экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу