Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы No 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 5, 6, 7-тиркемелерге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөк төлөнөт:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция», «Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция», Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекция», «Допингге каршы улуттук борбор» допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция», «Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи», «Региондук олимпиадалык резерв мектеби» мекемелеринин, «Ынтымак», «Тайманбас», «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин административдик-башкаруу персоналынан тышкары, өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн кызматтык маянага 30 пайыз өлчөмүндө;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция», «Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция», Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекция», «Допингге каршы улуттук борбор» допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция», «Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи», «Региондук олимпиадалык резерв мектеби» мекемелеринин, «Ынтымак», «Тайманбас», «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин административдик-башкаруу персоналына өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы жана эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларга жетүүгө кошкон салымы үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейин;
– балансында же ыкчам башкаруусунда спорттук курулмалар бар мекемелердин административдик-башкаруу персоналына ар бир база үчүн 10 пайызга чейин;
2) «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери» деген спорттук наамдары бар спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет.
4. Төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленсин:
– дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставкага төлөнөт.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев