Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалымат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
23-сентябрындагы № 569 «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн бир кызматтык маянага чейинки өлчөмдө ар айлык үстөк төлөнөт;
2) президенттик компенсациялык төлөм төмөнкүдөй төлөнөт:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5 000 сом өлчөмүндө;
3) президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт;
4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пунктчалар менен толукталсын:
«5) өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган президенттик компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5 000 сом өлчөмүндө;
6) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.»;
3) жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, 1-пункттун 1, 3, 5, 6-пунктчалары, 2-пункттун
1-пунктчасы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы» деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдө «, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пункттун 6-пунктчасында жана 6-тиркемеде «жана кенже» деген сөздөр алып салынсын;
3) 2-пунктта:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын:
«4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк;
5) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө.»;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт.»;
5) 3-пунктта «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын административдик-башкаруу персоналына» деген сөздөр «Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:
– аталышы «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин» деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2-глава. Компенсациялык төлөмдөр
6. Телерадиоберүү кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жумуштун шарттарын, спецификасын эске алуу менен белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
– Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегендиги үчүн үстөк;
– өзгөчө (зыян) шарттарда иштегендиги үчүн үстөк;
– жумуш убактысынын ченемделген узактыгынан тышкары иштегендиги үчүн кошумча төлөм (ченемделбеген жумуш күнү, айкалыштыруу же аткарылуучу иш көлөмүнүн көбөйүшү, көчмө иш мүнөзү);
– президенттик компенсациялык төлөм;
– эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка үстөктөр жана кошумча төлөмдөр.
7. Базалык маянага карата жогоруда аталган кошумча төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
71. Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт.»;
7) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун
1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев