Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу, инвестициялардын суммасы бир миллиард сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору үчүн колдонулуучу түз сүйлөшүүлөр механизмин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 160 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө жобонун колдонулушун координацияласын жана мамлекеттик өнөктөштөргө консультациялык жана методикалык колдоо көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн жана бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев