КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2026-ж., № 320 токтому

Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкарууга багытталган иш-чараларды уюштуруу, айлана-чөйрөнү коргоо системасын туруктуу өнүктүрүү, ыкчам жана кечиктирилгис чечүүнү талап кылган калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 841-беренесине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев