КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2026-ж., № 321 токтому

Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө 

Майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарылануунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алууга жана акчалай компенсацияларды төлөөгө республикалык бюджеттен зарыл болгон көлөмдө каражаттарды бөлүп берсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
  4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
     9-августундагы № 
    457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтому;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
     8-майындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
     5-июнундагы № 347 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
     4-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
     6-февралындагы № 67 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
     24-августундагы № 433 «Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
  11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  12. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                              А.А. Касымалиев





Тиркемелер

Басып чыгаруу