Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы №344 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында,«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы 
№ 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин калыптандыруу, коомчулукту кабарлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосун аныктайт.»;

– 2-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы 
№ 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жер мунапысынын объектилерине өзүнүн колдонулушун жайылтат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү маселелерин кароодо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 12-1 жана 12-2-пункттар менен толукталсын:

«12-1. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулуштар бар болгон учурда, жер мунапысынын объектилеринин так тизмегин аныктоо максатында комиссия баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобун аныктайт.

Баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобу деп 
2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган, бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылган, бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан жер участокторунун жыйындысы эсептелет.

12-2. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирген бош жер участоктору боюнча арыздарды жана аларга тиркелген документтерди комиссия Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссияга (андан ары – Мамлекеттик комиссия) корутунду алууүчүн жиберет.

Мамлекеттик комиссия кошумча маалыматтарды талап кылуу зарылдыгы келип чыккан учурларды кошпогондо, материалдарды келип түшүүсүнө жараша, аларкатталган күндөн тартып 
30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карайт. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

– жер участогун легалдаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө;

– жер участогун мамлекеттик менчикке алып коюу зарылдыгы жөнүндө (терс корутунду);

– кемчиликтерди четтетүү жана кошумча материалдарды берүү үчүн материалдарды кайтарып берүү жөнүндө.»;

– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле Мамлекеттик комиссиядан терс корутунду келип түшкөн учурда, же болбосокомиссия тарабынан жер участогу 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган башаламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирбеген жана жер мунапысынын объектиси болуп саналбаган участок деп белгиленген учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирбеген жер участоктору боюнча терс чечим кабыл алынган учурда комиссия бул жер участокторун белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алуу маселесин кароо үчүн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди Мамлекеттик комиссиягажөнөтөт.

Эгерде комиссия терс чечим кабыл алгандан кийин жер участогу ченемдик укуктук актылардын жана жаңы жагдайлардын негизинде жер мунапысынын объектиси катары таанылса, анда комиссия мурда кабыл алган чечимди кайра кароого укуктуу.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:

«13-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы №  364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында каралган жер участокторун мамлекеттик менчикке алып коюу, ошондой эле ордуна андан ары жер участокторун же турак жай берүү мененбайланышкан маселелерди жөнгө салуунун тартиби, негиздери жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;

– 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ушул Жобого ылайык Мамлекеттик комиссиянын корутундусун талап кылган жер участоктору боюнча коомчулукту кабарлоо үчүн Чек аралардын тизмегин жана Тизмени жөнөтүү Мамлекеттик комиссиядан оң корутунду келип түшкөндөн кийинжүргүзүлөт.»;

– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Ушул Жобого ылайык Мамлекеттик комиссиянын корутундусун талап кылган жер участоктору боюнча комиссиянын жактыруу жөнүндө чечими Мамлекеттик комиссиянын оң корутундусу болгон учурда кабыл алынат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу