МК Токтому №330 11.05.2026

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын  эксплуатациялоону чектөө жөнүндө


«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 41-статьяларын ишке ашыруу, экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык зоналарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 


1. Мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилсин: 

–  өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;

–  парктык-пляждык зоналардын чектеринде;

–  жайыттарда.

2. Бул токтомдун 1-пункту төмөнкүлөргө колдонулбайт деп белгиленсин:

–  өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорунун тилкелерине;

–  өтмө зоналарына жана биосфералык аймактардын санация зоналарына;

–  мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык кесиптик ишти аткаруунун алкагында жүктөлгөн функцияларга ылайык пайдаланылуучу мототранспорт каражаттарына;

–  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүүчү мототранспорт каражаттарын милдеттүү пайдалануу зарылдыгы менен мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларга;

–  жергиликтүү калк тарабынан чарбалык максаттарда пайдаланылуучу номиналдык максималдуу кубаттуулугу узак жүктөм режиминде 4 кВт ашпаган электр кыймылдаткычтуу мототранспорт каражаттарына.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги: 

–  киргизилген чектөөлөр жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана туристтик операторлорго маалымат берүүнү камсыз кылсын;

–  белгиленген режимдин сакталышын контролдоо боюнча туруктуу иш-чараларды уюштурсун.

4. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын жана алар үчүн тиешелүү жылдын бюджетинде каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                          А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу