МК Токтому №448 29.06.2026

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;

2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы)  
 2-тиркемеге ылайык;

3) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын бюджети
 4-тиркемеге ылайык.

2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Иш-аракеттер планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;

2) Иш-аракеттер планын аткарууга туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн; 

3) кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;

2) кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

4. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын жана Иш-аракеттер планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын         

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                    А.А. Касымалиев