КР Министрлер Кабинетинин 05.10.2026-ж., №664 токтому

Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин
лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу
укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 181,
182-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2)Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинде:

– 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндөжободо:

– 27, 29-главалары күчүн жоготту деп таанылсын.

4.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 
17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 
12-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 
2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

3)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2021-жылдын 8-июлундагы № 64 «Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

4)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2023-жылдын 25-январындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн байланыш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

5)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

6)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2025-жылдын 2-июнундагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

7)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун жүз жыйырма үчүнчү – жүз элүү алтынчы абзацтары.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                 А.А. Касымалиев

 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу